Жаңылыктар
Түркмөнстанда аялдарга унаа башкарууга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстанда аялдарга унаа башкарууга тыюу салынды

Түркмөнстанда бир айга жакын убакыттан бери аялдарга унаа башкарууга тыюу салынып жатат. Полиция кызматкерлери алгач унаа айдаган аялдарга эскертүү берсе, учурда алардын айдоочулук күбөлүгү алынып, унаалар айып төлөөчү жайга токтотулууда, деп жазды жергиликтүү басылма.

«Өткөн жылдын декабрь айынын ортосунан бери Түркмөнстандын бийлиги аялдарга унаа башкарууга тыюу салды. Январь айында борбордогу булактар жол полициясы айдоочу аялдардын күбөлүгүн алып, ал эми унаалары айып төлөөчү жайга жеткирилип жатканын билдирди», - деп айтылат маалыматта.

2015-жылы Түркмөнстан өлкөгө кара түстөгү унааларды алып кирүүгө тыюу салган болчу. Бажы кызматкерлерди мунун себебин толук кандуу түшүндүрө алышкан эмес. Алар ак өң ийгилик алып келет деген түшүнүктөн улам ак түстөгү унааларды алуу керектигин айтышкан.