Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү "Осьминог" ресторанынын жарылуусуна кимдер кызыкдар?
Кырсык
Ысык-Көлдөгү "Осьминог" ресторанынын жарылуусуна кимдер кызыкдар?

Ысык-Көлдөгү "Осьминог" ресторанын кылмыштуу топтун мүчөлөрү жардырып жибериши мүмкүн. Мындай пикирин имаратты ижарага алып иштетип келген Аскат аттуу жаран "Sputnik Кыргызстан" агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, 2015-жылдан бери Асанкадыр Иноят аттуу жарандын жерине жакын турган имаратты ижарага алып иштетип келген. Макулдашуунун шартына ылайык, эгер кандайдыр бир кырсык, же окуя болуп кетсе, келтирилген чыгымды Аскат төлөп бериши керек болчу. 

"2016-жылы жайдан тарта мага бандиттер келип, алардын аймагында иштеп жатканым үчүн акча төлөп тур деп талап кыла баштаган. Бирок мен баш тарткам. Бир нече жолу келип эгер көнбөсөң ресторанды өрттөп, мени сабап кетебиз деп коркуткан. Өзүмдүкүн берген жокмун", — деди ал. Аскат бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, кийин милиция эки кишини кармаган. 

Иш Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда каралып, кармалгандарды шарттуу түрдө гана соттоп коюшкан. "Эми имараттын ээси чыгымды толук төлөп бер деп жатат. Имаратты бандиттер жардырып жибериши мүмкүн деген ойдомун. Өрт чыккан учурда ресторан иштебей эле турган. Газ баллондор дагы жок болчу", — деди ресторандын ээси. 

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы Аскаттан мурда акча өндүрүүгө аракет кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иши боюнча алектенип жатканын тастыктады.