Жаңылыктар
Өкмөт курамындагы бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыяланды
Саясат
Өкмөт курамындагы бир катар кызмат адамдарына сөгүш жарыяланды

Тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн өкмөт курамындагы бир катар кызмат адамдарына катуу сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Алар «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзам долбоорун даярдоодо анын мазмунуна жетиштүү маани беришкен эмес. 

Буйрукка ылайык, сөгүш Экономика министри Артем Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган. 

Ал эми, Экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды. 

Мындан тышкары, Өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду.