Жаңылыктар
Токтогул районунда хорсбол боюнча аймактык чемпионат өткөрүлөт
Спорт
Токтогул районунда  хорсбол боюнча аймактык чемпионат өткөрүлөт

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кайрадан хорсбол боюнча аймактык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация жетекчиси Мунарбек Кулданбаев кабарлады. 

Мелдеш 25-январда уюштурулуп, ага Токтогул районунан беш команда жана Франциядан келчү команда катышат. Коноктор машыгуу үчүн бир жума эрте келери маалым болду.

Алгачкы аймактык чемпионат былтыркы жылдын февраль айында болгон. Анда аймактык атаандаштарын жеңген "Кызыл-Туу-2" командасы француздар менен жолдоштук беттешке чыккан. Оюндун жыйынтыгында коноктор 6:5 эсебинде жеңген болчу. Хорсбол — Францияга таандык оюн. 

Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.