Жаңылыктар
Медресеге светтик сабактар да керек
Билим
Медресеге светтик сабактар да керек

Чүй облусу менен Бишкектеги медреселердин окуучуларына жасалган сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы светтик сабактардын медреседе өтүшүнө макул экендигин айтышкан. 

Мындай сурамжылоону бейөкмөт уюмдардын бири жүргүзгөн. Окуучулардын канча бир тууган экендиги жана алардын ата-энесинин билим деңгээли тууралуу маалыматтар сунушталды. 

Медреседе окуган балдардын, улан-кыздардын ата-энелеринин 60 пайызы орто билимдүү, 10 пайызы атайын орто, 30 пайызы жогорку билимдүү болуп чыккан. "Үй-бүлөдө канча бир туугансың?" деген суроонун жыйынтыгы боюнча студенттердин 5 пайызы үч бир тууган, 15 пайызы — төрт, 45 пайызы — беш, калган 30 пайызы алты-жети бир тууган экени маалым болду", — деп айтылат отчетто. 

Сурамжылоонун жыйынтыгында окугандардын басымдуу бөлүгү көп балалуу үй-бүлөдөн экендиги аныкталды. "Медресени аяктагандан кийинки планың кандай?" деген суроого 40 пайыз бала чет өлкөлөрдөн диний билимин улантууну, 25 пайызы дин жаатында иштөөнү, 5 пайызы дааватка чыгарын билдирген. Ал эми 30 пайызы жогорку окуу жайларына тапшырууну каалай турганын айткан.