Жаңылыктар
Бишкек - Ош жолунда жаралган автотыгындар жөнгө салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ош жолунда жаралган автотыгындар жөнгө салынды

Бишкек - Ош жолунда жаралган автотыгындар жөнгө салынып, жолдор кардан толук тазаланып, азыркы тапта бардык унаалар үчүн жол ачык. Кырдаалды жеринен Транспорт жана жолдор министринин орун басары, Жол чарба департаментинин директору жана Бишкек - Ош мамлекеттик дирекциясынын директору билип кайтышты. 

Маалым болгондой, былтыр жыл аягында жааган кардан улам Көк-Бел, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөндөрүндө кардын бийиктиги 1 метрге жетип, айдоочулар үчүн чоң көйгөй жаралган. 

Ошондой эле аталган төрт участокто кар көчкү түшүп жолдорго чектөө киргизилген. Мындай чектөө чаралары жолду кардан тазалоо жумуштарын жүргүзүү, тыгындардын жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилген. 

Учурда бардык маселелер жоюлуп, жолдор ачык. Ал жакка жагдай менен таанышканы барган Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев, жол тазалап иштеген кызматкерлерге өз убагында, кечиктирбей мыкты аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.