Жаңылыктар
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун абалы текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун абалы текшерилет

Учурда атайын комиссия түзүлүүдө. Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга комиссия курамына көз карандысыз эксперттерди кошууну тапшырды. Аталган жолдо жаракалар пайда болуп, курулуштун сапатына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушу бүтө электе эле айрым тилкелеринде жаракалар пайда болгон. 

Жолдун 439-479-чакырымдарындагы көрүнүш массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду. Жараканын себебин билүү үчүн чет элдик адис иш алып барып, корутунду чыгарды. Ал мындай абалга 40 градус суукту байланыштырган. Демек долбоор туура эмес түзүлгөнбү деген суроо жаралууда? Курулушту сапаттуу жүргүзүү үчүн көбүрөөк каражат жумшалмак. Транспорт жана жолдор министрлиги климаттын жолго таасир бере турган катаал шарты кийин гана билингенин билдирүүдө. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жарака мурда да пайда болгон. Бирок белгиленген кепилдик мөөнөт соңуна чыга элек болгондуктан курулушту жүргүзгөн компания тиешелүү иштерди аткарып, жолду калыбына келтирген. 

Бул ирет кепилдик мөөнөт аяктагандыктан жаракалар эми мамлекеттин эсебинен бүтөлүшү керек. Бул маселе өкмөттүн көз жаздымында калбайт. Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жолдогу жараканын себептерин аныктоону тапшырды. Атайын түзүлө турган комиссияга бир катар мекемелердин адистери жана көз карандысыз эксперттер мүчөлүк кылат. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 2010-жылдан бери курула баштаган. Жолдун жарака кетти деп айтылып жаткан тилкесинде кытайлык “Чайна роуд” компаниясы иштеген. Жаңыдан түзүлүп жаткан комиссия эки аптанын ичинде корутунду чыгарат.