Жаңылыктар
Борбор калаада өтмөктөрдөгү жарык маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада өтмөктөрдөгү жарык маселеси

Бишкек шаарынын так ортосунда жайгашкан Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектиси кесилишкен жердеги жер өтмөгү караңгы тартып, бул жерден кечкисин жалгыз өтүш үчүн бери дегенде эле алп жүрөк керек. Караңгыдан пайдаланып кылмышкерлер кез-кезде киши тоноп кеткен учурлар да катталып калат. Мындай абал Лев Толстой менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде да орун алган. Айланасы дааратканага айланып, дубалдары граффити ыкмасындагы сүрөткө толтурулган. Бул өтмөктөргө качан жарык берилип, эл коркпой баскыдай шарт качан түзүлөт? 

Дубалдар граффити ыкмасында жазылган түрдүү чыгармаларга толуп кеткен. Көпүрөдөн өтүп баратканда өзүңдү америкалык киного түшүп калгандай сезесиң - дейт, шаар тургундары. Көпүрө калктын жыш жайгашкан аймагында орун алгандыктан, жергиликтүү тургундар өтмөк аркылуу көп каттайт. Коомчулук бул жолго тиешелүү мекемелердин жарык берип коюусун суранышат. Өтмөктөрдүн көзгө сайса көрүнгүс болуп турганы кылмышкерлерге жагымдуу. Мындан сырткары абалдан пайдаланып заара ушаткан фактылары күндө катталат, дейт - тартип сакчылары. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда тоноо тууралуу арыздангандар, мына ушул көпүрө туштан тонолгонун көп жазышат.

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Карымбаев көпүрөлөргө 2015 - жылы жарык берилгенин билдирет. Аларды көп өтпөй белгисиз бирөөлөр талкалап салган. Эми өзгөчө түрдөгү лампочкаларды орнотууну көздөп турушат. Бул үчүн тендер жарыяланып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Жай айларына чейин жарык берилип калат деп жатышат. Ишканадан билдиргендей жакынкы аралыкта ордо калаанын 70 ири көчөсүнө кошумча жарык берилип, эски, жараксыз деген лампочкалар алмаштырылат. Бул үчүн тендер өткөрүлүп каражаты да бөлүнгөн. Лампочкаларды гана күтүп турушканын билдиришти.