Жаңылыктар
Бишкектеги № 1-оорукананын директору кызматынан алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги № 1-оорукананын директору кызматынан алынды

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы эки айга созулган талаш-тартыш, оорукана директорунун кызматтан алынышы менен аяктады. Жетекчисине нааразы болгон 60ка жакын кызматкер Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышкан. Алар бейтапкана жетекчисин жемкорлукка айыптап, анын кызматтагы ишмердүүлүгүнө нааразы болушту 

Нааразы болгон дарыгерлер министрдин эшигине чейин келишкен. Алар бейтапкана директору Айдарбек Шакиров ар бир кызматкерден ай сайын салык катары акча чогултуп, ага көнбөгөн кызматкер кысымга алынат деп доомат коюшту. Андан тышкары тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн жана 9 айдан бери 100дөн ашык кызматкерди мыйзамсыз иштен алды деп арызданышты.


Бишкектеги ири медициналык борбордо эки айдан бери тынч эмес. Талашып-тартышкан ак халатчандар үстү-үстүнөн бардык тармакка арызданып чыккан. Абалды жөнгө салуу максатында министр Талантбек Батыралиев эки жолу келип сүйлөшүү жүргүзгөнүнө карабай, тараптар ынтымакка келе алган эмес. Дарыгерлерге чырдын себебин сурап кайрылсак, жүзүн көрсөтүүдөн айбыккандардын бири жаралган жагдайды айтып берди.


Бейтапкана жетекчисин бошотуу тууралуу буйрукка биринчи иш күнү башталганда кол коюлду. Министрдин айтымында, митинг болбосо деле Айдарбек Шакиров кызматтан кол жуумак. Айдарбек Шакиров бир жыл мурун №19 үй-бүлөлүк медициналык борбордон которулуп келген. Ал окуяга түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, кайрылуубузга жооп болгон жок. Бейтапканада кезек күткөндөр көп. Дарыгерлер элдин саламаттыгын ойлогондун ордуна ыркы келишпей эки ай кармашкан. Эми кызматтан кеткен жетекчиге карата айтылган дооматтардын чын-бышыгына тиешелүү органдар териштирип чыгып баа берет.