Жаңылыктар
Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө

Өлкө аймагында 11-январдан тарта аба-ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты. Бейшемби күндөн тарта бардык жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар калың түшүшү мүмкүн. 

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал. 

Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында абанын температурасы түнкүсүн 7..12, күндүзү 1..6 градус суук болот.

Борбор калаада түндө 2…4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…2 градус жылыйт. Ош шаарында күндүз 4…6 градус жылуу болот.