Жаңылыктар
Токтогул райондук соту оңдолуп, колдонууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
 Токтогул райондук соту оңдолуп, колдонууга берилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, колдонууга берилди. 

Айта кетсек, 2015-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнү түрө кыдырып соттордун абалдарын көрүп чыккан. 

Ошол учурда Токтогул райондук сотунда да болуп, имарат талапка жооп бербей турган деңгээлде экендиги эске алынып, маселе Соттор кеңешинде каралып, капиталдык ремонтко макулдук алынган.

Токтогул райондук сотунун имаратында сот ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлдү. Өзгөчө эл үчүн. Эми, келген тараптар жылуу жерде процессти күтүп, сот залдарында ишти кароого катышууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Белгилей кетүүчү жагдай иш кагаздары бирдиктүү терезеге киргизилип ыңгайлаштырылды. Мындан сырткары судьяларга, алардын жардамчыларына, сот отурумдарынын катчыларына байланыш жана аларга кирүү да чектелди.

Иш чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сот аткаруучусу Кумарбек Торогелдиевге президеттин энчилүү сааты тапшырылды.