Жаңылыктар
ЖК тармактык комитети Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды
Саясат
ЖК тармактык комитети Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

Кирешелерчыгашаларбанктар, экономикалык тармак өкмөттүн дал ушул маанилүү бөлүгүн Санжар Муканбетов жетектегени турат. Бүгүн Парламенттин тармактык комитетинде Вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралды. 

Бул кызмат Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдон бери бош турат. Депутаттар Муканбетов вице-премьерликке дайындалып калса, кайсы тармакты тескей турганына кызыгышты. Андан тышкары, Өкмөткө 4 вице-премьер-министр көптүк кылары, алардын санын кыскартуу зарылдыгы айтылды.