Жаңылыктар
Жол белгилери - айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да жолдогу жашоосуна нускама
Кыргызстан жаңылыктары
Жол белгилери - айдоочулардын да, жөө жүргүнчүлөрдүн да жолдогу жашоосуна нускама

Бишкектин айрым жерлеринде коюлган жол чырактары жөө адамдарга ыңгайсыз болуп жатса, унаалардын агымы көп айрым бир аймактарда таптакыр эле жол чырактары коюла элек. Ордо калаадан батышты көздөй кеткен тарапка унаа тыгындарын азайтуу максатында, Фучик көчөсүнөн кайрылып кеткен Профсоюз көчөсүнүн ишке киргенине аз эле убакыт болду. Бул аймак менен кенен жолдо айланып өтүү тез болгону менен жол чырактын жоктугунан айдоочулар менен жөө адамдарга ыңгайсыз болууда. 

Мисалы Чүй тараптан келаткан автоунаа Профсоюз көчөсүнө бурула албай, кеминде 15 мүнөт жол талашып турат. Мындай абал шаардын жака белинде гана эмес, калаанын чок ортосунда да бар. Горький көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши. Жаңы салынган соода түйүнү жака кайрылып кирген жол мыкты салынганы менен жол эрежеси сакталбай жатат. Кырсыкты кайдан деп болбойт, ансыз да жол эрежесин так билбеген эргулдар, Горький менен келип эле, Манас проспектисин атчан бараткансып кесип өтүп кетип жатат. Ал эми Жибек Жолу көчөсү менен Жаш Гвардия бульварында абал башкача. Жол чырактары жол белгилери баары турат бирок, ошондо да жолдон өтүү өтө кооптуу. 

Өзгөчө ашык салмак кошуп, майпаңдап баскандар абайлашы керек. Унаалардын агымы көп өтүүчү бул аймактан минтип элдин баары чуркап өтүшөт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар же ардагерлер өтүп кала турган болсо, алардын коопсуздугуна кепилдик жок. Шаардагы мындай жол чырактарынын баш аламан жайгашкандыгын жол көзөмөл кызматы деле моюнга алат. Бирок кайсы жерде жол чырагы канча секунд күйүшү керек жана жол чырагын кандай кылып орнотуу керек, мунун баардыгына Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жоопкер экендигин билдиришти.