Жаңылыктар
Башаламандык менен өнүгүүнү так ажыраталы
Кыргызстан жаңылыктары
Башаламандык менен өнүгүүнү так ажыраталы

Мамлекеттик экотехинспекция Көк-Жар менен Кара-Жыгач конуштарынын айланасында жайгашкан курулуштарды, соода-сатык кылып кызмат көрсөткөн жайларды иретке келтирүү керек дейт . Өкмөт тарабынан жеке ишкерликти өнүктүрүү тапшырмасы коюлганы менен жол боюнда башаламандык орун алган. Мисалы беш жыл мөөнөт менен убактылуу ачылган айрым кафелер кызыл сызыктан чыгып, унаалардын өтүшүнө тоскоол жаратууда дешет адистер. Рашид Супашев тез тамактануучу жайын ачууну көздөп турат. Бир айдан бери оромо, самсы, нан жана боорсок сатып кирешени кеңейтүү аргасын көрүүдө. 

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн чакан унаа токтотуучу жай куруп, таманташ төшөп, короосуна 5-6 даана арча отургузуп койгон. Рашид Супашев сыяктуу жеке ишкерлер бул жерде четтен саналат. Көпчүлүк дүкөндөрдүн сырткы көрүнүшү талаптагыдай эмес. Жолго чейинки он сегиз метр кызыл сызык болуп саналып, бул тилке жол кызматкерлерине карайт. Жолду кеңейтүү зарылчылыгы пайда болгон учурда керектелеерин адистер билдиришет. Жер жергиликтүү бийлик өкүлчүлүгүнө убактылуу пайдаланууга берилгени менен талаптар бузулуп, кафе-ресторандар курулуп кеткен. 

Тургундар соода түйүнүн ачуу үчүн тиешелүү мекемелердин бардыгынан уруксат кагазын алышканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришет. Көк-жар айылынын бюджетинин сексен пайызын ижарачылардан түшкөн каражат түзөт. Кара-Жыгач конушун бойлой бир катар кызматтар көрсөтүлөт. Көмүрдөн тарта унаага газ куюучу станциядан бери курулган. Булар жол менен каналдын ортосунда жайгашкан. Кайсы мамлекеттик орган жооп берээри белгисиз. Түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн мамлекеттик органдар бири-бири менен тыгыз кызматташуусу керек. Ким кайсы жерге жооп берээри такталганча Бишкектин айланасы дүкөн, кафе, май алмаштыруучу жайга толуп кетпесе экен, дешет серепчилер.