Жаңылыктар
Мүлкүңдү барктасаң камсыздандыр
Кыргызстан жаңылыктары
Мүлкүңдү барктасаң камсыздандыр

Тиешелүү органдар турак жайды камсыздандыруу жолдорун жөнөкөйлөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Оңдоло турган мыйзам элге жеңил шарт тузүп, документтерди оңой бүтүрүүгө багытталган. Соңку жылдары өлкөдө катталган табигый кырсыктар мүлктү камсыздандыруу канчалык зарыл экенин көрсөтүп, кайрылган адамдын саны да өстү. Таластагы Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын тургуну Кожокеев Нышанбектин үйүнүн чатырын жаңы жыл алдында болгон катуу шамал учуруп кеткен. Ал тамынын чатырын калкалап, эми камсыздандыруу уюмунан жардам күтүүдө. 

Элет тургуну турак-жайын камсыздандырып жылына 600 сомдон төгүп жүргөн. Кыш учурунда тамы бузулган адам өкмөт колдойт деп кубанууда. Унаа менен турак жайды камсыздоо дүйнөдө кеңири жайылган көрүнүш. Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдү кубалап, эки жыл мурун иштелип чыккан мыйзамдын негизинде, уюм ачылып иш башталган. Камсыздоонун наркы жана жол-жобосу так белгиленген. Кокус үй жайын сел, өрт алып же башка кырсык тооруса анда камсыздандыруу компаниясы бүлүнгөн нерсени калыбына келтирүүгө каражат бөлөт. Жыл өткөн сайын бул уюмга ишеним арткан адамдын саны көбөйгөн. 

Турак-жайды камсыздоонун эрежелери бар. Бул жолго кадам таштаган адам документтерин тууралап, алдын ала камылга көрүшү кажет. Кырсыкка кептелгенде кайрылган кеч болуп калат. Жакында камсыздандыруу мыйзамы өкмөттө талкууланып, аны жеңилдетүү тапшырмасы берилген. Ушул тапта жарандарга шарт түзүп берүү багытында иштер жүрүүдө. Кыргызстанда мамлекеттик уюмду кошо эсепке алганда 19 камсыздандыруу компания ачылган. Менчик тарап көбүнесе завод, ишкана, ресторан жана башка ири имараттар менен иш алып барат. Ал эми мамлекет турак-жайларды камсыздап, үй-жайы жабыркаган атуулдарды колдоого алууда.