Жаңылыктар
Мамлекеттик тилге мамиле солгун
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тилге мамиле солгун

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарылдыгынан улам, аракет мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен башталышы керек. Маселен азыркы учурда республика аймагындагы бала бакчалардын көпчүлүгү кыргыз тилдүү болгону менен чоң шаарларда басым расмий тилге жасалууда. Эне тилди өнүктүрүүгө бул кандай таасир этип жатат? Бишкек шаарындагы №5 бала бакчада аралаш тилде тарбия бериле баштаганына төрт айдын гана жүзү болду. Учурда эне тилден сабак берүү пилоттук негиздеги долбоордун негизинде жүрүп жатат. Балдар эсеп чыгаруу, көркөм окуу жана айлана чөйрө менен таанышууну мамлекеттик тилде өтүп жатышат. 

Түшкө чейин ушул эле сабак орус тилинде өткөрүлөт. Борбор калаада мына ушундай 14 бала бакча тандалып, аларды аралаш тилдүү мекемеге айлантуу аракети көрүлүүдө. Сабак атайын окуу программасынын негизинде жүргүзүлүп жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпы өлкө аймагында жайгашкан бала бакчалардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик тилде тарбия беришет. Бирок абал Бишкек жана Ош шаарларына башкачараак. Учурда расмий тилдүү мекемелер басымдуулук кылат, адистер буга ата энелер өздөрү себепкер дешет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди жайылтуу жана үйрөтүү маселесин буга чейин өлкө башчысы Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси менен талкуулап, өлкөнүн чоң шаарларында кыргыз тили унутта калып, ал эми айыл жерлеринде тескерисинче расмий тил солгундап жатканы белгиленген. 

Билим берүү министрлиги учурда бала бакчаларды бир беткей кыргыз тилдүү эмес, көп тилде тарбия берүү жагына көбүрөөк киришүүдө. Маселен азыр расмий тилдүү мекемелерде деле кыргыз тил мугалимдери бар, бирок андан пайда аз болууда. Мамлекет башчынын тапшырмасында да Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү, аны менен бирге мамлекеттик тилди, расмий жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо негизги маселе катары каралган.