Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында табигый муз аянтчасы пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Ата шаарында табигый муз аянтчасы пайда болду

Муздун үстүндө жылгаяк тээп ойноп жаткан балдардын сүрөттөрүн шаардын мэри Данир Иманалиев Facebook баракчасына жайгаштырды. Анда шаар тургундары кышкы эс алууну көнүлдүү өткөрүп жатканы чагылдырылган. 

Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын айтымында, муз тоңгон көлмө эч кимге таандык эмес жана автобекет аймагында жайгашкан. Андыктан суу тоңгон убакта баардык каалоочулар барып, муз тээп көңүл ачышат.