Жаңылыктар
Коомдук ишмер Төрөбай Кулатовго 110 жыл
Маданият
Коомдук ишмер Төрөбай Кулатовго 110 жыл

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук  ишмер Төрөбай Кулатовдун 110 жылдыгы. Ал республикабыздын өсүп-өнүгүшүнө салмактуу салым кошкон улуу инсан. Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 1908-жылы 10-январда туулган. 9 жашынан 16 жашка чейин байларга жалданып иштеп, кийин темир жол жумушчусу, Кызыл-Кыя "Жал" шахтасында забойщик, шахта комитеттеринин төрагасы, Көмүрчүлөр союзунун шахта комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.

Төрөбай Кулатовдун мамлекеттик ишмер  катары калыптанышы тарыхый оор жылдарга туура келет. Мекенинин чыныгы патриот уулу катары Улуу Ата Мекендик согуштун оор күндөрүндө тылдагы түйшүктү эл менен  бирге көтөргөн. Ал өзүнүн жөнөкөй мүнөзү, кара кылды как жарган калыстыгы, эмгекчилдиги менен элинин эсинде калды. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"