Жаңылыктар
Ымыркай төрөлгөндө "сүйүнчү пулду" берүү жеңилдетилет
Кыргызстан жаңылыктары
Ымыркай төрөлгөндө "сүйүнчү пулду" берүү жеңилдетилет

Ымыркай төрөлгөндө "сүйүнчү пулду" берүү процесси автоматташтырылат. Мындай маалымат өкмөттө өткөн сүйүнчү жөлөк пулдарын эсептөө маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде айтылды. Анда Премьер Сапар Исаков сүйүнчү пулду алуу үчүн арыз берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү керектигин белгиледи. 

Өкмөт башчынын тапшырмасына ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда «сүйүнчү» алуу тууралуу арыздардын маалыматтары боюнча электрондук карым-катнаш иштелип жатат. Дастан Догоевдин айтымында, төрөлгөндүгү тууралуу актыны каттоодо ымыркай, анын ата-энеси, жашаган жери, ошондой эле банк эсебинин номери тууралуу маалымат электрондук түрдө тийиштүү тутумга жөнөтүлүп турат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында, учурда бардык райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында "сүйүнчү пулду" алууга арыздар чогултулууда. 

Аны алуу үчүн кайрылгандарга каражат февраль айынын орто ченинде берилип калат. Премьер Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Финансы министрлигине 2018-жылдын 15-февралына дейре сүйүнчү пулду берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгууну тапшырды.