Жаңылыктар
Олимпиадага Кыргызстандын атынан биатлончу Т.Жаркымбаев барат
Спорт
Олимпиадага Кыргызстандын атынан биатлончу Т.Жаркымбаев барат

Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан биатлончу Тариэл Жаркымбаев бара турган болду. Бул тууралуу лыжа спорту боюнча федерациядан билдиришти. Буга чейин Олимпиадага Кыргызстандан эки спортчунун бараары маалым болгон. Анын бири жолдомо утуп алган лыжачы Евгений Тимофеев болсо, экинчисинин аты-жөнү тактала элек болчу. 

Эске салсак, кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-25-февраль аралыгында Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтөт.