Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды - "Аймактарды өнүктүрүү жылы" - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. 

Жарлыкта 2018-жылы аймактарды колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүүнүн негизин түзүү, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын базасында иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана турмушка ашыруу мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдети болуп эсептелсин, -деп айтылат.