Жаңылыктар
Туура эмес жерге токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланат
Кыргызстан жаңылыктары
Туура эмес жерге токтотулган унаалар мажбурлоо жолу менен эвакуацияланат

Эвакуациялоо иштерин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы жүргүзөт. Башкы башкармалыктын маалыматы боюнча, унаа токтотууга тыюу салынган жерлерге атайын белгилер коюлат. 

“Эвакуатор” белгиси негизинен соода түйүндөрүнүн жана унаа менен жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан тилкелерге коюлмай болду. Эгерде кимдир бирөө белги коюлган жерге машинасын токтотсо, унаасы эвакуацияланат. 

Унаанын кожоюну аны айып төлөтүүчү жайдан бошотуп алып чыгышы үчүн мамлекетке төлөй турган айып акчасын жана андан тышкары эвакуатордун кызмат акысы үчүн 1350 сом төлөйт.