Жаңылыктар
Жээнбеков шайлоо алдында айтылган убадалары аткарыларын айтты
Саясат
Жээнбеков шайлоо алдында айтылган убадалары аткарыларын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жумгал жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугуп, элеттиктер көтөргөн бир катар суроолорго жооп берди. Өлкө башчы өз сөзүндө шайлоо алдында айтылган убадаларына да токтолуп, кандай кырдаал болбосун алардын ар бири аткарылат деп белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда, өлкө башчынын тышкы саясат ишмердиги, мамлекеттик ипотеканын шарттары, ирригациялык объектилерди куруу, ЕАЭБдин алкагында журүп жаткан иштер боюнча сөз болду. Соңунда президент аймактарды өнүктүрүү жылы тууралуу жарлыкка дагы бир жолу токтолуп, бул бийликтин бардык бутактарын жана жарандык коомду өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бириктире турган максатка ээ экенин белгиледи.