Жаңылыктар
Шамалдын кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн 70 пайызы калыбына келтирилди
Өзгөчө кырдаал
Шамалдын кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн 70 пайызы калыбына келтирилди

Катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдүн 70-80 пайызы калыбына келип бүттү. Белгилей кетсек, 26-ноябрда, Ала-Бука районунун аймагында, ылдамдыгы секундасына 20-30 метрге жеткен шамал болуп, жүздөгөн турак үйлөрдүн чатырын учуруп кеткен болчу. Турак үйлөрү жабыркаган жарандарга өкмөт жардам иретинде шиферлерди завод баасында 260 сомдон акысыз жеткирип берүүдө.

Шамалдан Ала-Бука районунун 1-Май, Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймагындагы турак үйлөрдүн чатырлары шамалга учуп, андан жалпы 868 турак үй жабыркаган. Учуруда анын 612си, аны менен катар эле социалдык обьектилердин 70 пайызы да жабылып бүтүп калды. Тез арада калыбына келтирүү үчүн өкмөт колдоо ирЕтинде 11 миң 500 дөн ашуун шиферди 260 сомдон бекер жеткирип берди. Акысыз жетирип берүүнү өзгөчө кырдаалдар кызматына тапшырган. Учурда шиферлердин акыркылары келип түшүүдө.