Келинчегим ар дайым кесибимди колдоп келет... Менин балалыгым Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өткөн. Ата-энем, чоң энемдин колунда өстүм. Төрт бир туугандын улуусу болгондуктан чоң энем мени өз баласындай энчилеп, тарбиялап, жашоого жол көрсөткөн. Чоң энем 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштө эл менен үркүп Кытайга барып келген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында мугалим, агартуучу болгон. Журналисттик кесипти тандап алуумдун себеби да чоң энемдин тарбиясынан деп ойлойм. Ата-энем колхоздо иштеген, азыр айылда дыйканчылык менен алектенет. Учурда өзүмдүн үй-бүлөм бар. Келинчегим ар дайым кесибимди колдоп келет. |