Жаңылыктар
Былтыр кыргыз тасмаларынын санын 77 жаңы фильм толуктаган
Маданият
Былтыр кыргыз тасмаларынын санын 77 жаңы фильм толуктаган

Кыргызстанда былтыр 77 жаңы фильмдин бет ачары болду. Анын элүү экиси кыргызстандык режиссерлордун тасмалары. Бул тууралуу Кинематография демартаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз тасмаларынын ичинен Руслан Акундун "Апамды издейм" мелодрамасы, Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тарыхый тасмасы жана Актан Арым Кубаттын "Кентавр" фильми ийгилик жаратууда. 

Ал эми 2018-жылдын январынан тартып эле баш калаадагы кинотеатрларда бет ачары өтө турган жаңы тасмалардын узун кезеги пайда болду. 

Алар июнь айына чейинки кезекти ээлеп коюшкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдарда өлкөдө кинотеатрлардын саны да өскөн. Буга чейин 32 кинотеатр болсо, азыр 50гө жеткен. Алардын ичинде элет жеринде ачылган кинотеатрлар да бар.