Жаңылыктар
Кыргызстан жаңы биометрикалык чет элдик паспортко өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңы биометрикалык чет элдик паспортко өтөт

Быйыл Мамлекеттик каттоо кызматы  чет жакка чыга турган жалпы жарандык биометрикалык дипломаттык жана кызматтык  паспортту бере баштайт. Ал үчүн мекеме саатына үч жүздөй паспортту чыгара турган атайын жабдык сатып алган. 

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын соңуна чейин жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорт колдонула баштамакчы.Мындай жаңы документтин үлгүсү коомдук талкууга чыгарылды. Тиешелүү адистер жаңы паспортту жасоодо коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулгандыктан, аны мыйзамсыз колго жасап алуу мүмкүн эмес. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"