Жаңылыктар
Чех парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти
Саясат
Чех парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанга иш сапары менен келишти

Кыргызстанга Чехия Парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган чех парламентинин делегациясы расмий сапар менен келди. Чехия спикерин «Манас» аэропортунан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар тобу тосуп алды. 

Чех парламентинин делегациясы 16-17-март аралыгында өлкө жетекчилигинин деңгээлиндеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. 

Ошондой эле, делегация мүчөлөрү соода–өнөр жай палатасынын Экономика министрлиги менен бирге уюштурган Кыргыз-чех бизнес-форумуна, Кыргызстандагы «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылыш аземине катышаары күтүлүүдө.