Жаңылыктар
Бишкекте рейд учурунда кайырчылык кылып жүргөн 90го жакын өспүрүм кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте рейд учурунда кайырчылык кылып жүргөн 90го жакын өспүрүм кармалды

Бишкекте кайырчылык кылып жаткан 90го жакын өспүрүм күч органдары тарабынан кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган рейд учурунда борбордо топтолуп кайыр сураган 87 баланы кармалган. Андан сырткары кайрычылык менен алектенген чоң кишилер да кармалып, алардын көпчүлүгү коңшу өлкөлөрдөн келгендер экени аныкталды. Басымдуу бөлүгү ири соода түйүндөрүндө тилемчилик кылат. Милиция кызматкерлери тарабынан  кармалгандарга карата тийиштүү чаралар көрүлдү.

Жашы жете элек балдардын көзөлсүз көчөдө жүрүүсүн тартипке салууга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан 350гө жакын кызматкери тартылган. Адистер эскерткендей, кечки саат ондон кийин чоңдордун коштоосунда гана көчөгө  чыгуусу зарыл. Бул нерсе өз кезегинде түрдүү коркунучтардын алдын алат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсуулуу Гайбулла кызы, «Биринчи радио»