Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы көчөлөр жарыктандырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы көчөлөр жарыктандырылат

Бишкек мэриясы шаар аймагындагы 72 көчөнү жылдын биринчи жарымына чейин жарыктандырууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын I жана II кварталында 4 миң заманбап чырактарды 72 көчөгө, жаңы конуштарга жана кичи райондорго орнотуу пландалууда. 

Ошондой эле, "Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу" программасынын алкагында 18 көчөнүн жарыктандыруусу толук оңдоодон өтөт. Кайсы көчөлөргө заманбап чырактар коюларын мэриянын расмий сайтынан көрүүгө болот.