Жаңылыктар
Быйыл легендарлуу төрага Төрөбай Кулатовдун 110 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл легендарлуу төрага Төрөбай Кулатовдун 110 жылдыгы белгиленет

Бүгүн мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовдун туулган күнү. Быйыл легендарлуу төраганын 110 жылдыгы белгиленмекчи. Ал Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советине 33 жыл төрагалык кылган. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө Төрөбай Кулатовдун эмгеги эбегейсиз. 


Төрөбай Кулатов өмүрүнүн 40 жылын мамлекет үчүн арнаган мамлекеттик жана партиялык ишмер. Ал Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советине 33 жыл төрагалык кылган. Бул аралыкта төрага кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана өнүгүшү үчүн эбегейсиз эмгегин арнаган.

Төрөбай Кулатов 1908-жылы Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында туулган. 9 жашынан 16 жашына чейин кулактарга жалданып иштеген. Ал алгач темир жолдо жумушчу, Кызыл-Кыянын “Жал” шахталарында көмүр казып эмгектенген. Калкы үчүн жан үрөгөн кыргыздын жөнөкөй уулу 1934-жылы Кызыл-кыя шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Мына ошол күндөн баштап, анын мамлекеттик ишмердүүлүгү башталган.

Согуш башталган мезгилде Төрөбай Кулатов "Баары эл үчүн, баары жеңиш үчүн!" деген идеологияны жүргүзүп, жок жерден жол таап, өтпөгөн кыяга жол салып, көп маселелерди чечкен. Борбордон Балыкчыга чейинки темир жолду да Төрөбай Кулатов курдурган.

Кыргыз элинин сыймыктуу уулу 9 жолу СССРдин Жогорку советине жана 9 жолу Кыргызстан Жогорку советине депутат болуп, кыргыз мамлекетинин өркүндөп-өсүүсү үчүн зор салымын кошкон. Төрага ошол кезде СССРди башкарып турган Леонид Брежневдин ишенимдүү адамы болгон.

Учурда Бишкекте Төрөбай Кулатов атындагы көчө, Ноокат районунда Кулатов айылы бар. Кулатов айылында бир нече жыл мурда төраганын жеке музейи ачылган.

Легендарлуу төрага мекенчил, акылы жетик, кең пейил инсан катары элдин эсинде калды. Өлкөбүздө ал барбаган жер калган эмес. Ким менен болбосун, мейли жумушчу, мейли колхозчу, мейли илим менен маданияттын ишмериби, баары менен оңой тил табышып кетчү. Ал республиканын бардык аймактарына бирдей карап, айрыкча аймактарды өнүктүрүү үчүн зор эмгек жумшаган. Төрөбай Кулатов легендарлуу төрага, жогорку советти эң узак убакытка башкарган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө эмгеги сиңген инсан катары тарыхта жазылып калды.