Жаңылыктар
2018-жыл аймактарды өнүктүрүүнүн башаты болууда
Кыргызстан жаңылыктары
2018-жыл аймактарды өнүктүрүүнүн башаты болууда

2018-жыл аймактарды өнүктүрүүнүн башаты болуу менен бирге бул жаатта айкын жыйынтыктар менен коштолушу керек. Өлкө башчысы кол койгон Жарлык мына ушундай максатты көздөйт. Биринчи кадам - алдыдагы жылдарда аткарыла турган жумуштардын тизмеси такталып жана алдарды ишке ашыруу жолдору талданат. Аймактарды өнүктүрүүдө колго алына турган негизги тармактар тууралуу кабарчыбыз Самат Асипов кененирээк айтып берет.



Аймактарды өнүктүрүү өзүнө ондон ашык тармактарды камтыйт. Маселен 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу мерчемделген. Азыр таза суу маселеси айрыкча алыскы райондордо курч турат. 


Социалдык мекемелердин курулушу жана реконструкция. Аймактарда жаңы бала бакча, мектеп, кесиптик техникалык мекемелерди жана маданият үйлөрүн салуу буга чейин башталган жумуштардан, эми аны жигердүү улантып, билим берүү, маданиятка көңүл бөлүү негизги максат болууда. 



Документте белгиленген дагы бир жагдай транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо. Ошону менен бирге саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, аймактарда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды кайра оңдоодон өткөрүү жана жабдуу каралган. 



 Аймактарды өнүктүрүүгө карай өлкөдө алгачкы кадам өткөн жылы башталды. Бул багытта атайын концепция былтыр Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда кабыл алынып, кийин ал шайлоо алдындагы программасында кеңири камтылган.



2018-жыл өз кезегинде буга чейин кабыл алынган концепция, программаларды активдештирүүгө өбөлгө болот. Учурда ар бир район, шаарлардын өнүгүү программалары бар, алар жарлыкта камтылган тапшырмалардын негизинде жаңыртылышы керек.


Аймактарды өнүктүрүү боюнча буга чейин кабыл алынган концепцияда тез арада өнүктүрүүгө туура келген 20 шаар тандалып алынган. Буларды өлкөдөгү экономикалык өнүгүү борборлору деңгээлине жеткирип, кийин башка аймактарга локомотив кылуу сунушталган. Маселен Нарында “Акылдуу шаар” долбоорун жүзөгө ашырып, билим берүү, маалымат технологиялар тармагын күчтөндүрүү максат болууда. 




Ошондой эле чакан жана ири ишкерчиликти өнүктүрүүгө басым жасалып, аймактарга инвестиция тартуу жергиликтүү башкаруу органдарынын түздөн түз милдети болушу керек. Кыргызстанда иштетилбей жаткан гектарлаган жерлер бар, ошол эле учурда сууга бай мамлекетпиз. Андыктан аймактарда ирригацияны өнүктүрүү боюнча өзүнчө бир чоң программа кабыл алынды. 




]Жарлык өз убагындагы жана өлкөдөгү талылуу маселеге арналганын адистер да кубатташууда. Анда ар бир аймактын өзгөчөлүгүнөн сырткары жалпы өлкө аймагына тиешелүү маселелер- ирригациядан тартып санариптик кызмат көрсөтүүгө чейинки көйгөйлөр камтылган.



Адистердин айтымында, жарлык аймактарды өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууга чоң өбөлгө болмокчу. Алдыга коюлган тапшырмалар Таза коом программасынын алкагында этап-этабы менен аткарылат.