Жаңылыктар
Нарындагы карышкырлар күч алууда
Айыл чарба
Нарындагы карышкырлар күч алууда

Нарында карышкыр күч алып, малчыларды бушайманга салды. Облустун Ийри-Суу айылында эле күздөн бери 15 бодо мал бөрүлөрдүн жемине айланган. Карышкырлар менен күрөшүү негизги маселесине айланган жергиликтүүлөр менен аймактык кабарчыбыз Алишер Аскарбеков жолугуп келди. 


Нарында карышкыр күч алып, малчыларды түйшүккө салды. Мисалга Ийри-Суу айылынан күз айларынан бери эле бөрүлөр 15 бодо малды жок кылышкан. Айласы кеткен элеттиктер жыркычтарды жок кылуунун аракетинде. 



Учурда айыл эли чогулуп, ар бир түтүндөн 500 сомдон акча топтоп, мергенчилерди аттандырган. Жыртчкычтардын изин куугандар ызгаардуу кыштын суугуна карабай, бир карышкырды атып келишти. 



Ийри-Суу айылынын тургуну Максат Темишов карышкырды кадимки ит сымал багат. Азыр анын үйүндө 4 бөлтүрүк бар. Аларды аздектеп баккан Максат мындай аракетин ал көк жалдарды "Салбуурун" оюнуна даярдайт экен. 



Малчылар көйгөйлөрүн чечүүдө жергиликтүү бийликтин жардамына муктаж экендиктерин жашырышкан жок.