Жаңылыктар
Мигранттардын диний радикалдашуусу
Дин
Мигранттардын диний радикалдашуусу

Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия Кыргызстанда диний эркиндик эмгек мигранттарынын   радикалдашуусуна шарт түзүп берет деген ишеничте. Ата мекендик илимий чөйрө жана өлкө аймагындагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү мындай көз карашты жокко чыгарышты. Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан барган эксперттик топ июнь айында, Россияда эмгектип жүргөн мигранттар арасында жүргүзгөн иликтөөдө мигранттардын радикалдашуусу дин эркиндигинде эмес, билимдин тайкылыгы, социалдык көйгөйлөрдөн улам жараларын аныкташкан.

Сурамжылоо Россиянын 12 шаары жана 10 аймагында жүргүзүлүп, ага 300 гө чукул мигранттар катышкан. Эксперттик топ дин эркиндиги бар өлкөлөргө караганда, динге көзөмөл күчөтүлгөн мамлекеттердин жарандары радикалдаша тургандыгын  баса белгилешти. Мындай маалыматтар, 11-январда Улуттук илимдер академиясында өткөн “Россиянын аймагында Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан мигранттардын радикалдашынын себептери”, -деген аталыштагы талкууда айтылды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"