Жаңылыктар
Париждеги мейманканадан 4 млн евролук жасалганы уурдап кетишти
Дүйнө
Париждеги мейманканадан 4 млн евролук жасалганы уурдап кетишти

Франциянын Париж шаарындагы беш жылдыздуу Ritz мейманканасында жайгашкан зер буюмдарды сатуучу дүкөндө 4 млн еврого бааланган жасалга уурдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Полициянын маалыматына караганда, жасалганы уурдаган беш кишинин үчөө кармалса, экөө качып кетүүгө жетишкен.

Шектүүлөр балта менен айнек текчени талкалап, баалуу жасалганы уурдап кетишкен. Кармалган жигиттер 20 жаш чамасында. Учурда качып кеткен 2 шектүү изделип жатат. Алардын бири скутер менен качып бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жеңил жаракат алган адам ооруканага жеткирилди.

Аталган дүкөндүн текчесине дайыма белгилүү өндүрүүчүлөрдүн баалуу жасалгалары коюлат. Анткени мейманканага жасалгаларга кызыккан бай адамдар келет.