Жаңылыктар
С.Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин реконструкция иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин реконструкция иштери менен таанышты

Борбор калаадагы мамлекеттик тарых музейи реконструкция иштеринен кийин бардык талаптарга жооп берген, медиа бекеттер жана интерактивдүү такталардын жардамы менен кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон заманбап музейге айланат. Оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү менен бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, музейдин ичин жабдуу боюнча сунуштарын берди. Жаңыланган имараттын ачылышы ушул жылдын март айына белгиленүүдө.


Тарых музейин толук реконструкциядан өткөрүү иши 2016-жылы жаз айларында, Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган. Дээрлик эки жылдан бери бул жерде кеңири масштабдагы оңдоо иштери жүрдү. Эшик, терезе, чатыры, суу түтүктөрү, канализация жана жарык берүүчү системасы алмаштырылып, сырткы жарык берүүчү жабдыктар орнотулду, алды текши гранит таштар менен алмаштырылды.

Реконструкция иштери учурда дээрлик соңуна чыкты. Эми көргөзмө материалдарын орнотуу жана жарык берүүчү жабдууларды жакшыртуу боюнча жумуштар жүрөт. Президент Сооронбай Жээнбеков аткарылган жумуштар менен таанышып чыгып, музейди керектүү экспонаттар менен толуктоо боюнча сунуштарын айтты. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин тарых музейи бардык талаптарга жооп берген, медиа станциялар жана интерактивдүү такталардын жардамы менен кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон заманбап музейге айланат.

Музейдин айланасын оңдоп-түзөө жумуштарын Түркиянын премьер-министринин Аппаратынын алдындагы кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгы жүргүзүүдө. Буга чейин президенттин алдындагы Тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиясы Музейдин фонд сактагычтарында Энесай каганаты жана Улуу кыргыз каганаты боюнча экспонаттар жетишпегенден, мына ушул бөлүмдөрдү көбөйтүү бүтүмүнө келген.