Жаңылыктар
Өкмөт башчынын Талас облусундагы жумушчу сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчынын Талас облусундагы жумушчу сапары

Кыргызстанда улуу ойчул, кеменгер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча мерчемделген иш-чаралар өзү туулуп өскөн Шекер айылында башталды. Ага премьер-министр Сапар Исаков расмий старт берди. 90 жылдык мааракеге карата мындай иш-чаралар Кыргызстан аймагы боюнча өткөрүлөт. Чоң саамалыктын бири, Таласта “Чыңгыз-Ордо” комплекси салынат.


Өкмөт башчы анын курулушуна 15 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилгенин билдирди. Дүйшөмбүдөн тартып Манас районунун Май айылынын окуучулары жаңы мектептен билим ала башташат.  Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сапар Исаков билим уясынын ачылышына катышып, мектеп жамаатына өкмөттүн атынан белектерди тапшырды. Мааракелик иш чаранын Шекерде башталганы да бекер жерден эмес. 


Улуу ойчул чыгармаларындагы ак караны таамай сүрөттөгөн окуялар, жаратылыш менен адамзаттын байланышын, каармандарынын уйгу-тойгу болгон жан дүйнөсүн, махабаттын тунуктугун анын касиетин ачып берген каармандардын көбү да Шекерликтер. Таластагы күчтүү таасирлерге каныккан залкар жазуучу көкүрөгүн жарып чыккан ойлорун, башынан өткөн окуяларын кагаз бетине түшүргөн. Ал каармандын бири “Биринчи мугалим” чыгармасындагы Дүйшөн. Шекерден анча алыс эмес айылда дал ушул чыныгы Дүйшөндүн мектеби жайгашкан жерде улуу ойчулдун 90 жылдык мааркесине карата “Чыңгыз-Ордо” комплекси курулганы турат.

Премьер-министр Сапар Исаков залкар таланттын киндик каны тамган Шекер айылынан башталган иш чараларга расмий старт берип, Шекерден чыккан чыгармачыл инсандардын катарындагы Айтматовдун эстелигине гүл чамбар койду. Айтматовдун Күркүрө айылдык маданият үйүндөгү музейин да кыдырып көрдү. 

Өкмөт башчы музей да бюджеттин эсебинен оңдоло турганын айтты. Мында жаңы салына турган “Чыңгыз-Ордонун” макети да орун алган. Шекерликтер менен болгон жорлугушууда Сапар Исаков Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан доор калемгери сыймыгыбыз экенин белгиледи. Өкмөт башчы “Чыңгыз Ордо” комплексин салууга 15 гектар жер тилкесин бөлүп берүү токтомуна кол койгонун ырастады.