Жаңылыктар
Ошто залкар обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыров эскерилди
Маданият
Ошто  залкар обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Ошто кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн кайталангыс обондуу ырлары менен жаркын из салган, 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана аткаруучусу Рыспай Абдыкадыров эскерилди. Ырчы көзү тирүү болгондо 12-январда 77 жашка чыкмак. 

Обончунун айтымында: Рыспай Абдыкадыров, башкалардан эч кимге окшобогон өзгөчөлүгү, аккордеондо мыкты ойногон өнөрү, ойлорго бай, лирикалык кайрыктардын жаратманы катары айырмаланган. Абдыкадыров, алгачкылардан болуп, аккордеондо ырдоо маанисине жаңылык киргизген. Обончунун талантын СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматов да баалаган жайы бар. 


Канышайым Сагынбаева да таланттуу инсан менен бирге иштешип калганына сыймыктанат. Ал жетекчилик кылган музейде обончунун өздүк буюмдары, кол тамгалары, сүрөттөрү сакталып турат. Ырчынын өкүл кызынын айтымында, ал кыялы жаш баладай, ак көңүл, ошол эле учурда, өз беттегенин кое бербеген өжөр жан болгон . Ошондой эле, обончунун көпчүлүк биле бербеген таланттары да болгон.


Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончунун "Алмашым", "Түгөйүм", "Алтынчы күнү кечинде", деген ырлары калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн түнөк таба алган. Ал эми, элдик ырга айланган “Издейм сени” чыгармасы башка улуттагы күйөрмандарды да кайдыгер калтырган эмес.