Жаңылыктар
"Акылдуу шаар" долбоорун "Huawei" компаниясы ишке ашырат
Кыргызстан жаңылыктары
"Акылдуу шаар" долбоорун "Huawei" компаниясы ишке ашырат

Өлкөдөгү коопсуздукту жогорулатууга, анын ичинде жол кырсыктарынын, ошондой эле алар боюнча талаштардын санын азайтууга, кылмыштарды ачыктоого, террористтик жана криминалдык коркунучтарга жооп кайтарууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында Кыргыз өкмөтү менен "Huawei" компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Наркы 60 миллион долларды түзгөн долбоор бир жарым жылдын ичинде ишке ашырылышы керек. 

Дээрлик алты жылдан бери ишке ашырылбай келген долбоордун мамлекетке кызмат кылаарына аз убакыт калды. Эми жарандардын коопсуздугу заманбап технологиянын жардамы менен камсыз кылынат. Бул үчүн дүйнөлүк аброю бар компания тандап алынды.

«Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» жана «Ака минералз энд майнинг» компаниялары долбоорго каражат бөлөт. Ал эми орнотула турган заманбап жабдуулар Huaweiге таандык. Долбоор болжол менен 60 миллион долларды түзөт. Кыргызстан бул каражатты эч кандай үстөгүсүз 5 жылдын ичинде кайтарып бериши керек. Демек, аталган компаниянын өкүлүнүн каржылык кызыкчылыгыбыз жок деп айтып жатканы бекеринен эмес.

Инвесторго долбоорго сарптаган каражатты кайтарып берүү менен “Акылдуу шаардан” түшкөн кирешенин баары толугу менен мамлекеттин эсебине которулуп турат. Экономикалык жактан да, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда да маанилүү кадам жасалды. 

Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек-Ош, Бишкек - Чолпон-ата унаа жолдору менен “Манас” аэропортуна чейинки трассада эксплуатациялык-техникалык тейлөө, жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлөт. Бул аталган жерлерде баардык кыймыл аракеттер видеокөзөмөлгө алынып, коопсуздук камсыз кылынат дегенди билдирет. Долбоорду ишке ашыруу менен компания программалык камсыздоону жана тиешелүү купуялык белгилерин өкмөткө өткөрүп берип, кийинки процесстерге аралашпайт.