Премьер министр Сапар Исаков “Манас” эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады.
Өкмөт башчы улуттук маданиятты сактоо менен бирге “Манас” эпосун кеңири изилдөө - өлкө саясатынын алгылыктуу багыттарынын бири экенине токтолду.
Сыйлыктарга Коомдук телерадиокорпорациянын кызматкерлери Кундуз Аманова жана Ырыс Окенова дагы ээ болушту.