Жаңылыктар
Түркияда учак аэропорттун тилкесинен чыгып, деңиздин жээгине конду
Кырсык
Түркияда учак аэропорттун тилкесинен чыгып, деңиздин жээгине конду

Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines авиакомпаниясынын учагы конуу тилкесинен чыгып кетти. Бул тууралуу Haberturk телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, учактын бортунда 168 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү болгон. Ал Анкара шаарынан учуп келе жатып, ишемби күнү кечинде Кара деңиздин жээгине конгон.

Окуянын кесепетинен адамдар жаракат албаганын Би-би-си жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди. Учактын жүргүнчүлөрү эвакуацияланды.

Учурда учактын конуу тилкесинен чыгып кетүүсүнүн себеби иликтенип жатат. Окуядан кийин аба майдан бир нече саатка жабылды.