Жаңылыктар
Кыргызстан 2019-жылы жогорку сапаттагы күйүүчү майды пайдаланууга өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан 2019-жылы жогорку сапаттагы күйүүчү майды пайдаланууга  өтөт

Кыргызстан экологиялык таза, жогорку сапаттагы күйүүчү майды пайдаланууга 2019-жылдын 12-декабрында өтөт. Экономика министрлиги билдиргендей, мындай чечимди Евразия экономикалык комитети 2016-жылдын 26-январындагы отурумунда кабыл алган. 

Бул мөөнөттө өлкөдөгү мунайды кайра иштеткен ишканалар техникалык жабдыктарын жогорку сапаттагы продукция чыгарууга даяр кылышы керек. Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан баштап ЕАЭБке мүчө мамлекеттер К4, К5 классындагы күйүүчү майды пайдаланууга өтүштү.

Евразия экономикалык комитети тараткан билдирүүгө ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта Бажы биримдигинин техникалык регламентин ишке ашыруунун жол жобосу күчүнө кирди. Ага ылайык, ЕАЭБке мүчө мамлекеттер аймагында мунай азыктары, күйүүчү майдын бардык түрү экологиялык таза, жогорку сапаттагы К4, К5 классында болушу шарт.

Экономика министрлиги ЕЭКтин 2016-жылдын 26-январындагы жыйынында кабыл алынган чечими боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентти ишке ашыруу жол-жобосу Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 12-августунан тарта ишке кирээрин айтты.

Кыргызстан өзү колдонуучу күйүүчү майдын 80%дан ашыгын импорттойт. Өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү 10га жакын ишкана бар. 2019-жылдын 12-августуна чейин мунайды кайра иштеткен заводдор Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык, жогорку сапаттагы күйүүчү майды чыгарууга даяр болушу керек. Ал эми бензинди сырттан ташыган компаниялар белгиленген убакыттан тарта милдетүү түрдө экологиялык таза продукцияны алып келиши шарт.