Жаңылыктар
Борбор калаада башаламан соода-сатык кылгандар текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада башаламан соода-сатык кылгандар текшерилүүдө

Борбор калаада башаламан соода-сатык кылгандар текшерилип жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районунда Ауэзов көчөсүн бойлой соода кылгандар тыкыр көзөмөлгө алынып, эскертүү берилди. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында 50гө чукул башаламан тигилген чатырлар жана темир тосмолор алынып, мыйзамсыз соода-сатык кылгандар толугу менен тазаланды. 

Башкаларга дагы бул аймакта мындан ары соода-сатык кылганга болбойт деп эскертүү берилди.