Жаңылыктар
Тамчы аэропорту оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Тамчы аэропорту оңдолот

Орус-кыргыз фонду Ысык-Көлдөгү эл аралык аэропортту калыбына келтирүүгө насыя бөлдү. Каражат Тамчы айылындагы аэропортту реконструкциялоо боюнча долбоордун экинчи этабын ишке ашырууга жумшалат. 

Бул аэропортту калыбына келтирүү менен Кыргызстан жакынкы өлкөлөрдөн эс алууга келип жаткан туристтерге гана эмес, алыскы мамлекеттерден каттаган туристтерге ыңгайлуу шарт түзүп, алардын жолго кеткен убактысын кыскартат. Ошондой эле, өлкөдө жыл бою туризм агымын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.