Жаңылыктар
Кадамжай районуна суу жеткирүү үчүн тоодо туннель казылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кадамжай районуна суу жеткирүү үчүн тоодо туннель казылууда

Кадамжай районунун Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылынын элине таза суу жана сугат суу жеткирүү максатында Молдо-Нияз каналы курулууда. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады. Маалыматка караганда, каналдын курулушуна 164 млн сом каралган болсо, учурда анын 60 млн сому каржыланган. Натыйжада Ак-Суу дарыясынан суу алып өтүү үчүн тоо ичине туннель казылууда. Курулушчу Курманбек Нажимидин уулунун айтымында, туннелдин жалпы узундугу 538 метр. Учурда анын 150 метри казылып бүттү.

«30 киши тынымсыз иштеп жатабыз. Туннелдин бийиктиги 2,80 метрди, туурасы 2,60 метрди түзөт. Алдыда аны бетондоо жана Ак-Суу дарыясынан туннелге чейинки, кайра тунелден айылга чейинки аралыкка канал куруу жумуштары жүрөт», - деди ал.

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторовдун айтымында, Кескен-Таш жана Кызыл-Булак айылдарынын элине суу жетпей жергиликтүү калк жер астындагы сууну насос аркылуу тартып чыгарып, пайдаланып келишкен. Канал ишке берилсе 670 кожолук ичүүчү суу менен камсыз болуп, жалпы 1200 гектар жерге сугат суу жеткирилет. Курулушту 2018-жылдын май айына бүткөрүү пландалууда.