Жаңылыктар
Ала-Букада калкты таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Букада калкты таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат

"Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын алкагында, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында калкты таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Учурда аталган айыл аймактагы төрт айылдын элин ичүүчү суу менен камсыздоочу атайын суу сактагыч курулууда. Жумуш толук бүтсө, 1 миң 700дөн ашуун кожолук таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.

Бирок ушул күнгө чейин аймакта таз суу көйгөйү алдыңкы маселердин бири болуп келген. Союз жылдары иштеп турган таза суу системасы эскирип, кийинчерээк четинен иштен чыккан. Учурда айыл аймактын эли болгону 50-60 пайыз ичүүчү суу менен камсыздалган.

Эми ал кыйынчылыктар артта калганы турат. Анткени айыл аймактын 4 айылын, атап айтканда, Жаңы-Шаар, Айры-Там, Ажек жана Ынтымак айылдарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздап туруучу 400 тонналык суу кампасы курулуп жатат. 4 чакырымдан бери келип топтолгон суу бул жерден тазаланып, андан соң айылга барат.

Долбоор толук бүтсө, 1-Май айыл аймагы 70-80 пайыз таза суу менен камсыз болот. Курулуштун каржылоосу районду өнүктүрүү фондунан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. Долбоордун сметалык баасы 15 миллион сомду түзөт. Таза суу долбоору өкмөттүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын алкагында ишке ашып жатат.