Жаңылыктар
Дача СУ айылына эстелик тургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Дача СУ айылына эстелик тургузулду

Өткөн жылдын 16-январында учак кулаган Дача Су айылына эстелик тургузулду. Бүгүнкү күндө авиа кырсыктан каза тапкан жарандарга арналган курулма бүтүп, ачылышы күтүлүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматтарга караганда, эстеликти жабыр тарткандар өздөрүнүн каражатына тургузду. 

Жер тилкеси дачанын башкармалыгы тарабынан бөлүнүп, бийиктиги 4 жарым, туурасы 3 метрге чукул грантиттен чегилген эстеликке набыт кеткендер тууралуу маалыматтар жазылган. Жакынынан айрылгандар бир жылдан бери кырсык катталган жерге келип жоктоп жатышандыктарын айтышып, мындан ары эстеликке гүл коюп куран түшүрүп турарын айтышты. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, Биринчи радио