Жаңылыктар
Якутияда сууктан эки киши тоңуп өлдү
Дүйнө
Якутияда сууктан эки киши тоңуп өлдү

Якутияда аба ырайы 60 градуска чейин төмөндөп, суукта калган жеңил кийимчен эки адам жөө кетип баратып тоңуп өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, 12-январь күнү Намский районунун беш жашоочусу жылкы багылып жаткан базага барышкан. Бирок орто жолдон унаанын мотору бузулуп, андан ары жөө басышкан. Ошол маалда жеңил кийинип алган экөө тоңуп калган. 

Алдын ала маалыматка караганда, ал түнү сууктун күчү 60 градус болуп турган. Базага биринчи жеткен адам болгон окуя тууралуу милицияга кабарлаган. Каза болгондор 23 жана 29 жаштагы тургундар болгон.