Жаңылыктар
Жеңил атлетчилерибиз Казакстанда өтө турган эл аралык мелдештерге катышат
Спорт
Жеңил атлетчилерибиз Казакстанда өтө турган эл аралык мелдештерге катышат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын негизги республикалык жана эл аралык мелдештеринин календарлык планына ылайык жеңил атлетчилер Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында өтө турган Казак Республикасынын чемпионатына жана олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелерине арналган эл аралык мелдешке катышуу үчүн жөнөтүлдү. Казакстандын чемпионаты 15-17 январда өтөт. Ал эми Ольга Рыпакованын байгелерине арналган эл аралык мелдеш 20-январга белгиленген.

Бул мелдештерде өлкө намысын коргоого төмөнкү спортчуларга ишеним артылды:

Буланова Анна 1994 СЧ
Пономарев Валерий 1992 СЧ
Магомедгаджиев Али 1997 СЧ
Сарасов Кирилл 1998 СЧт
Арыпбеков Данияр 1997 СЧт
Жоламанов Мусулман 1997 СЧт
Мусаев Жамалдин 1992 СЧ
Чокаев Сатыбек башкы машыктыруучу
Манжуев Станислав машыктыруучу
Белгилей кетсек спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланды. Жалпы ссумма 308 миң сом.