Жаңылыктар
ЕАЭБдин реестри кеңейди
Экономика
ЕАЭБдин реестри кеңейди

Жыл жаңыраар менен Кыргызстандык дагы 15 компания өз продукцияларын Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алды. Бул жагдай албетте өлкөнүн экспортунун көлөмүнүн жогорулашына түрткү болот. Ал ортодо адистер 2017-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарган продукциялардын көлөмү бир канча эсе өскөндүгүн белгилешүүдө. 

Ветеринария жана фитосанитария боюнча инспекциянын сунушу менен, Кыргызстандын 15 ишканасы ЕАЭБ реестрине киргизилип, Казакстандын ветеринардык кызматы аларга өз аймагына продукция алып кирүүгө уруксат берди. Учурда эл аралык талаптарга жооп берген ишканалар даяр болоору менен эле ЕАЭБдин тизмесине киргизүүгө сунушталып жатат. Деген менен бардык эле тизмеге кирүүнү каалаган ишканалар талаптарды толук аткарууга аз эмес убакытты сарптоодо. Этти кайра иштетүүчү бул ишкана экспортко чыгарууга уруксат алуу үчүн 2 жылдан ашык убакыт сарптады.

Ал арада имаратты кеңейтүүдөн баштап, мында иштегендерди атайын окуудан өткөрүү, жабдыктарын жаңылоо жана башка иштерди жасоого үлгүрдү. Мындай натыйжалардан соң былтыркы жылдын 10 айында экспорттун көлөмү 25 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде кайра иштетүү тармагынан сырткары өсүмдүк жана мал чарбачылыгы жаатында да бир катар жетишкендиктер бар. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери балык чарбачылыгы кошуна өлкөлөрдүн да кызыгуусун арттырып жатат. Кирешелүү тармака айланып бара жаткан балык өстүрүү иши экономикага гана бир топ ийгиликтерди алып келбестен, ЕАЭБдин реестрине кирген ишканалардын катарын толуктады.